Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Кыргыз-өзбек кызматташтыгына арналган китеп көргөзмөсү даярдалууда


Кыргызстандын Улуттук китепканасында кыргыз-өзбек дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына карата көргөзмө өтөт. Бул иш-чараны келерки жылдын январь айында өткөрүү тууралуу макулдашуу китепкананын жетекчилигинин Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов менен жолугушуусунда жетишилди.

Китепкананын директору Жылдыз Бакашованын айтымында, эки тараптуу кызматташтык иш-чараларынын алкагында 31-октябрда Өзбекстандын белгилүү мамлекеттик ишмери жана жазуучусу Шараф Рашидовдун 100 жылдыгына карата көргөзмө өткөнү жатат.

5-сентябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип кеткен. Октябрдын башында кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Ташкентке барары айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG