Келерки жылдын бюджетинин жалпы киреше бөлүгү быйылкыга караганда 12% көп болору каралууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн кабарлашты.
2018-жылдын республикалык бюджетинин кирешеси мамлекеттик инвестициялардын гранттарын кошкондо 142 миллиард сом деп пландалып жатат. Бул ички дүң өнүмгө карата 26%. Быйылкы жылдын бюджетине салыштырганда дээрлик 15 миллиард сом жогору болот деп каралууда.
Ал эми чыгаша каржы активдерин эсептебегенде 163 миллиардга жетет деп болжолдонуп жатат. Дефицит 20 миллиард сомдон ашат. Бул ички дүң өнүмгө карата 3,8%. (RK)