Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

Азербайжанда соңку жумаларда ондогон ЛГБТ өкүлү кармалды


Азербайжанда соңку жумаларда ондогон кумсалар кармалганын укук коргоочулар 28-сентябрда билдиришти. "Нефес" уюмунун башчысы Жавид Набиев Фейсбук баракчасына жарыялаган видеосунда полиция кармалган кумсалардан башка ЛГТБ өкүлдөрүнүн даректерин берүүнү талап кылганын айтты.

Жергиликтүү активисттер Бакуда соңку эки жумада эле кеминде 50 ЛГБТ өкүлү кармалганын кабарлашты. Швециядагы "Жарандык укуктарды коргоочулар" уюму кармалгандардын саны 100гө чукулдашы мүмкүндүгүн белгиледи.

Азербайжандын Ички иштер министрлиги сексуалдык азчылыктар куугунтукка кабылды деген айыптарды четке кагып, соңку камоолорду сойкулукка каршы рейддер менен байланыштырды.

XS
SM
MD
LG