Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Москвада активист Навальныйды полиция кармап кетти


Орусиялык оппозициячыл активист Алексей Навальный
Орусиялык оппозициячыл активист Алексей Навальный

Орусиялык оппозициячыл активист Алексей Навальныйды Нижний Новгород шаарындагы жүрүшкө жөнөп кетер алдында Москвадагы үйүнүн жанында полиция кармап кетти. Бул тууралуу активист 29-сентябрда Инстаграм социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды. Ал "Путин Нижний Новгороддогу митингге барышымды каалабайт" деп белгиледи.

Мамлекеттик ТАСС жаңылыктар агенттиги Ички иштер министрлигине шилтеме кылып, Навальный Москвада кармалганын, буга анын элди тынымсыз уруксатсыз демонстрацияларга чакырганы себеп болгонун кабарлады.

Буга чейин 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышарын айткан Навальный эл менен жолугушууларында улам бир тоскоолдуктарга кабылып жатканын билдирген. Европа кеңеши Москваны Навальныйдын шайлоого катышуусуна уруксат берүүгө чакырган.

Орусиянын Киров шаардык соту 8-февралда Навальныйды "Кировлес" компаниясынан акча уурдаган деп таап, беш жылга шарттуу кескен. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы бул сот өкүмүнөн улам Навальный шайлоого катыша албастыгын айтып жатат.

XS
SM
MD
LG