Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

Шаардык сот журналист Сапановду сот залынан бошотту


Зулпукаар Сапанов
Зулпукаар Сапанов

Бишкек шаардык соту бүгүн журналист Зулпукаар Сапановду сот залынан бошотту. Анын төрт жылдык жаза мөөнөтү калды, бирок эгер эки жыл Жаза аткаруу кызматынын каттоосунда жүрүп, мыйзам бузбаса, жазасынан толук бошотулмай болду.

Сапанов “Кыдыр санжырасы” китебинин текстинин айрым жерлеринде "диний кастыкты козутууга багытталган аракеттерге барган" деп күнөөлөнүп, быйыл 12-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен төрт жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилип, сот залынан камакка алынган.

Тажикстандын Мургаб районунда туулган Зулпукаар Сапанов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Кийин аталган университетте мугалим болуп да эмгектенген. Кыргыз тилдүү бир катар гезиттерде кабарчы, редактор болуп иштегенден тышкары изилдөөчү катары кыргыздын тарыхына байланышкан бир нече макала-баяндарды жарыялап келген.

“Кыдыр санжырасы” китеби былтыр сентябрда чыккандан кийин дин чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрү “анда исламга шек туудурган тексттер бар деп” нааразылыгын билдирип чыгышкан. Ушундан кийин диний ишмер Дүйшөн Абдылдаев жетектеген “Акыл эс, ыйман” коомдук фонду "китеп дин аралык кастыкты козутуп жатат" деген жүйө менен УКМКга кайрылган. Тергөөнү атайын кызмат жүргүзгөн. Жарык көргөн китеби толугу менен жок кылынган.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев ага карата алгачкы сот өкүмүн "инквизицияга кайтуу" деп атаган.

Сапановдун бошотулушун айрым саясатчылар жана журналисттер да талап кылып чыгышкан.

Сотко кайрылган Дүйшөн Абдылдаев "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бүгүнкү өкүмгө карата жогорку инстанцияга кайрылуу же кайрылбоо чечими талкуулангандан кийин кабыл алынат:

- Чечим боюнча ойлонобуз. Арыз 110 кишинин атынан жазылган. Ошолордун пикирин угуп, акылдашабыз. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG