Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Түркмөн президентинин уулу "ардактуу машыктыруучу" болду


Түркмөн президентинин уулу Сердар Бердымухаммедов
Түркмөн президентинин уулу Сердар Бердымухаммедов

Түркмөн президентинин уулу Сердар Бердымухаммедовго "ардактуу машыктыруучу" наамы ыйгарылды. Өкмөттүн расмий сайты кабарлагандай, мындай наам парламенттин 28-сентябрдагы сессиясында берилген. Бирок анда Сердар Бердымухаммедов спорттун кайсы түрү боюнча сыйланганы так айтылган эмес.

Болгону түркмөн спортун эл аралык деңгээлге чыгаруудагы, Азиада оюндарында мыкты оюн көрсөткөн спортчуларды даярдоодогу салымы белгиленген.

Мындай наам президенттин уулу сыяктуу ондогон адамдарга берилди. Бирок аларда спорттун кайсы түрү үчүн сыйланганы ачык көрсөтүлгөн.

60 жаштагы президент Гурбангулы Бердымухаммедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарып келет. Анын жалгыз уулу 2016-жылдын ноябрь айында парламент депутаты болуп шайланган.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь күндөрү имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары өттү. Ага Азия жана Океания чөлкөмүнөн 64 мамлекеттен жана качкындар командасынан 5500 чамалуу спортчу катышып, спорттун 21 түрүнөн байгелер ойнотулду.

XS
SM
MD
LG