Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:35

Арпачиев: Ашхабад Азия оюндарынын баркын көтөрдү


Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Арпачиев.

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндары 27-сентябрда жыйынтыкталды. Оюндарга Азия жана Океания чөлкөмүнөн 64 мамлекеттен жана качкындар командасынан 5500 чамалуу спортчу катышып, спорттун 21 түрүнөн байгелер ойнотулду.

11 күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында медал алган өлкөлөрдүн көч башын түркмөнстандык спортчулар жетектеди. Түркмөнстан оюнчулары жалпы 246 медал топтогон. Алардын 85и алтын, 70и күмүш, 86сы коло.

2-орундагы Кытай командасында 42 алтын, 32 күмүш, 23 коло, 3-орундагы Иран командасында 36 алтын, 23 күмүш, 59 коло байге бар. 4-орунду ээлеген Казакстанда 28 алтын, 28 күмүш, 40 коло, 5-катардагы Өзбекстандын спортчулары 24 алтын, 33 күмүш, 74 коло байгеге ээ болушту.

Кыргызстандын командасы 70 байге менен 8-орунду ээледи. Байгелердин 13ү алтын, 20сы күмүш, 37си коло. Спортчулар жеңишти түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү, алыш, пахлавани, ат спорту, тай боксу, бильярд, жеңил атлетика, кикбокс, самбо, спорттук бий, жиу-житсу, эркин күрөш жана грек-рим күрөшүнөн камсыздашты.

Мелдешке Кыргызстан 153 спортчуну спорттун 17 түрүнөн жөнөткөн. Алар бүгүн, 28-сентябрда Кыргызстанга кайтып келишти. Спортчуларды өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган расмий өкүлдөр, күйөрмандар, спорт жетекчилери тосуп алышты.

Кыргызстандын делегациясын Түркмөнстанга жетектеп барган Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Арпачиев "Азаттыктын" кабарчысы менен маектешип, мелдештердин жүрүшү жана кыргыз спортунун абалы тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү (жоокердик өнөр) боюнча V Азия оюндарында Кыргызстандын спортчулары алгач 30 медал алууну максат кылып барганы айтылган эле. Мелдеш жыйынтыкталганда медалдардын саны 70ке жетти. Бул көрсөткүч чоң жетишкендик болдубу? Кандай баа бересиз?

Арпачиев: Мелдештер ийгиликтүү өттү деп айтсак болот. Анткени өзүңүздөр билесиздер, биз дагы спорт тармагында реформа жүргүзүп, ошол жерге дагы спорттун кээ бир түрлөрүнө артыкчылык берип алдыга чыгарганбыз. Ошол спорттун түрлөрү дагы дал ушул Азия оюндарынын программасында бар. Ошол спорттордун түрлөрүнөн медалга үмүт кылып келгенбиз. Бардык эле түрүнөн кудайга шүгүр медал алдык. Жалпысынан айтканда мурда имарат ичиндеги Азия оюндары Азия чөлкөмүндөгү гана өлкөлөрдүн арасында болсо бул сапар Океания аймагынан да мамлекеттерден спортчулар катышты. Деңгээл мурдагыга караганда абдан жогору деп айтсак болот.

Мурда кээ бир спорттун түрлөрү айрым өлкөлөрдө жакшы өнүкпөгөн болсо азыр атаандаштык күчтүү болуп бир топ кыйынчылыктарды жаратты.

“Азаттык”: Бул Азия оюндары алгач спорттун олимпиадалык эмес түрлөрүнөн эле өткөрүлүп келген эмес беле. Быйыл Олимпиада оюндарынын программасына кирген сегиз спорттун түрүнөн дагы мелдештер өттү. Бул дагы мелдештин деңгээлинин өзгөрүшүнө себеп болдубу?

Арпачиев: Бул Азия оюндары буга чейин спорттун Олимпиаданын программасына кирген жана Аскер оюндарынын түрлөрү боюнча өткөрүлүп жүргөн. Бул жолкусунда Түркмөнстан тараптын суранычыбы же кайсы тараптан болгонун билбейм. Мелдештер спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн да өттү. Ошол себептен Олимпиаданын, дүйнөнүн дагы чемпиондору катышып, деңгээл жогору деп айтсак болот.

"Азаттык": Мелдешти уюштуруу жаатында тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк болдубу?

Арпачиев: Бул жерден ар бир спортчу үчүн, биз үчүн деле тажрыйба топтоого жакшы мүмкүнчүлүк болду. Алгач болжол менен катардагы эле Азия оюндары болот деп билгенбиз. Чынын айтуу керек, абдан жогорку деңгээлге өтүп кетиптир. Ошол үчүн өзүңүздөр байкагандай абдан күчтүү спортчуларыбыз утулуп калган учурлар болду. Ошол эле учурда жаңыдан чыгып келе жаткан спортчулар медалга ээ болушту. Ким бүгүнкү күнгө даяр болсо жакшы жетишкендикти камсыздады. Деңгээли жогору экенин ошондон улам да айтса болот.

Ашхабаддагы Олимпиадалык комплекстин сыртынан көрүнүшү.
Ашхабаддагы Олимпиадалык комплекстин сыртынан көрүнүшү.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстандын делегациясын жетектеп мелдештер башталган күндөн тартып акыркы жабылыш аземине чейин мелдештер кандай өткөнүнө, уюштуруу иштеринин жүрүшүнө өзүңүз күбө болдуңуз. Кандай таасир алдыңыз?

Арпачиев: Уюштуруу жагынан айтканда мурдагы имарат ичиндеги Азия оюндарына салыштырмалуу бардык шарт түзүлгөн. Абдан жакшы деп айтсак болот. Олимпиадалык штабдын ичине бардыгы салыныптыр. Жакын-жакын жерлерде, дүйнөлүк деңгээлге туура келген спорт комплекстери экен. Бардыгы акыркы талаптар менен салыныптыр.

Жатканадан баштап, тамак-аш, олимпиадалык кыштак, мелдештер өтүп жаткан жерлердеги тейлөө дагы жакшы болду. Бирок эми чоң мелдештер өтүп жаткан жерде ар кандай мүчүлүштүктөр болот экен. Мында дагы калыстар калпыс чечим чыгарган учурлар кездешти.

"Азаттык": Кыргызстандын айрым спортчулары мелдештен кийин берген маегинде калыстар жергиликтүү спортчулардын пайдасына чечимдерди кабыл алып жатканын айтып нааразы болгондорун уктук....

Арпачиев: Ооба, ошондой учурлар болду. Кээ бирлери моюнуна алды. Нааразы болгон мамлекеттер дагы өздөрүнүн ойлорун айтышты.

“Азаттык”: Түркмөнстандык спортчулар жалпысынан 200дөн ашуун медал топтошту. Тактап айтканда Түркмөнстандын оюнчулары жалпы 246 медал топтогон. Алардын 85и алтын, 70и күмүш, 86сы коло. Байгелердин теңинен көбү эле жергиликтүү спортчуларда калды. Түркмөнстандын спортчуларынын ийгилигинин сыры эмнеде деп ойлойсуз?

Арпачиев: Түркмөндөр көп медал алганынын бирден бир себеби – биринчиден, булар төрт жыл мурда эстафетаны алгандан баштап катуу даярдык көрүп баштаган. Төрт жылдын ичинде чет мамлекеттерге чыгышып, башка мамлекеттерден окуу-машыгууларды өткөрүп, чет өлкөлүк адистерди чакырып, машыгууларды өткөргөн учурлар бар экен. Экинчиден, булар бир салмакка экиден спортчуну чыгарышты. Ошол себептен буларга көбүрөөк медал алганга мүмкүнчүлүк болду. Үчүнчүдөн, жогоруда айткандай калыстар тарабынан көрсөтүлгөн жардамдардын таасири бир аз тийсе керек. Өзүнүн жеринде булар бир аз үстөмдүк кылды десек болот да.

Олимпиадалык комплекстин сыртынан көрүнүшү. Ашхабад. 27.09.2017-ж.
Олимпиадалык комплекстин сыртынан көрүнүшү. Ашхабад. 27.09.2017-ж.

"Азаттык": Кыргызстан бул мелдештерге спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчуну жөнөткөн. Делегациянын Ашхабадга барып келишине мамлекеттен 6 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ошондой эле айрым спортчулар федерациялардын каржылоосунда Азия оюндарына барышты. Көп сандагы спортчуларды алып баруу өзүн актадыбы?

Арпачиев: Мурда мынчалык көп сандагы спортчулар катышкан эмес. Буга чейин болгон имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндары Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн. Ал мелдеште сегиз медалга ээ болгонбуз. Ошол кезде кикбоксчу Алексей Федосеев чемпион болсо, Данияр Кашкараев экинчи орунду алган. Дагы эки спортчу 3-орунду ээлеген. Андан сырткары тай боксунан да жетишкендиктер бар эле. Быйылкылдай көп сандагы спортчулар барган эмес жана мелдештердин программасы дагы башкачараак болчу. Бул жолкусун жакын болгон себептен чартердик каттам уюштуруп, көбүрөөк спортчуну алып барганга мүмкүнчүлүк болду. Көп спортчунун келгенине жараша байгелерибиз дагы көбүрөөк болду деп айтсак болот.

“Азаттык”: Ошондо бир чартердик каттам менен эле мелдештерге катышкан спортчулар, машыктыруучулар бир кеттиби?

Арпачиев: 153 спортчу бир кетти. Андан тышкары 44 машыктыруучу бар. Андан тышкары өзүнүн акчасы, өз жолу менен кийин кечирээк келгендер дагы бар. Анткени кээ бир спорттун түрлөрүнөн мелдештер кеч башталды.

“Азаттык”: Имарат ичиндеги Азия оюндарына катышуу үчүн план коюлуп, атайын даярдыктар көрүлдү беле?

Арпачиев: Бул календарлык планга кирген иш-чара. Азия оюндары саясий мелдештердин бири болуп эсептелет. Эгер чартер уюштурбай Түркиянын Стамбул же Бириккен Араб Эмирлигинин Дубай шаарындагы эл аралык аэропорт аркылуу кеткенде анда 30-40 баланы алып барганга эле акчабыз жетмек. Чартер уюштурган себептен билеттин баасы ар бир кишиге барып келгенине 550 доллар болду. Бул эң арзан баа. Азия оюндарында күнүгө ар бир балага тамак-аш, жатакана үчүн 50 доллардан төлөндү. Кийимдери үчүн 4 миллион сомго жакын акча сарпталды. Ар бир спортчуну кийиндирдик. Арзаныраак түшкөнү ошол болду. Эгер чартер менен барбай, башка өлкөлөр аркылуу транзиттик каттам менен барганда баасы эле бир кишиге эки миң долларга чейин чыгат. Ага биздин күчүбүз да, мамлекеттин акчасы да жетмек эмес.

“Азаттык”: Жогоруда азыркы жетишкендик спорт тармагында жүргүзүлгөн реформа байланыштырып айттыңыз. Кандай реформалар жөнүндө сөз болуп жатат?

Арпачиев: Былтыртан бери мамлекеттик агенттикте реформа башталган. Реформанын негизги бирден бир максаты дүйнөнүн, Азиянын деңгээлинде өнүккөн спортторго биздин мамлекеттеги кайсы спорттор туура келет, алардын деңгээли кандай? Бардык региондордо машыккан балдарыбыз барбы? Машыктыруучуларыбыз жетиштүүбү? Дене тарбия Академиясында ушундай адистерди даярдайбы? Спорттук базалар барбы деген токтомго тууралап туруп анализ кылып артыкчылыкка ээ болгон спорттун түрлөрү деп атайын бөлүп киргизгенбиз.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча алты спорттук оюн тандалган. Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрүнөн дагы беш-алты оюн бар. Спорттун улуттук түрлөрүнөн да бар. Артыкчылык берилген спорттун олимпиадалык түрлөрүнө эркин күрөш, аялдар күрөшү, грек-рим күрөшү, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс кирди. Анализ кылып чыкканда республикабыздын бардык аймагында ушул спорттун түрлөрүнөн балдар машыгат, масса бар экен. Андан тышкары биз үчүн эң маанилүүсү илимдүү, билимдүү машыктыруучулар арбын. Азия чөлкөмүндө, дүйнөлүк деңгээлде чоң жетишкендиктерди камсыздашкан. Олимп оюндарына катышып медал алган спорттун түрлөрү бар. Ошол себептен кийинки Олимп оюндарына лицензия алып, медал берет деген багытта ушул алты спортко басым койгонбуз.

Ал эми олимпиадалык эмес түрлөрүнөн кайсы спорттордон спорчуларыбыз жеңишке жетип жатканын өзүнүздөр көрдүңүздөр. Самбо, кикбокс жна ушу-саньда өңдүү бир нече спорт бар. Ушу-саньда бул мелдештердин программасында жок. Бирок ал спорттон жетишкендиктерибиз арбын.

Улуттук спорт өзүнчө мыйзам менен каралган. Алардын бюджети жетиштүү. Аны өзүнчө карайбыз.

"Азаттык": Ошондо спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцияга караган спорттун түрлөрүнүн бардыгына артыкчылык берилген деп түшүнсөк болобу?

Арпачиев: Дирекция бардык спортту эле тейлей берет. Мисалы, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция олимпиаданын программасына кайсы спорт кирсе бардыгын тейлей берет. Ал эми артыкчылык берилген спорттор өзгөчө багыт менен каралып, каржыланат. Калган спорттор боюнча мамлекет тараптан эч кандай тоскоолдук болбойт. Жардам беребиз, чемпионаттарын өткөрөбүз. Арасынан күчтүү спортчулар чыкса, Азиянын, Дүйнөнүн чемпиондуктарына, Олимп оюндарына жеткиребиз.

Улуттук спорттон артыкчылык берилгендердин катарына дүйнөлүк деңгээлде чыккан спорттун түрлөрүн атаса болот. Алыш күрөшүнөн Азиянын, Дүйнөнүн чемпионаттары өтүп жатат. Бул күрөш имарат ичиндеги Азия оюндарынын программасына да кирди. Тогуз коргоол дүйнөлүк интеллектуалдык оюндардын программасында бар. Азиянын, Дүйнөнүн чемпионаттары өтөт. Бул дүйнөгө чыккан спорттун улуттук түрлөрү деп айтсак болот. Андан тышкары көк бөрү, эр эңиш боюнча дагы Азиянын чемпионаттары өтүп жатат. Кайсы спорт алдыга өнүгүп чыкса колдоолор көбүрөөк болуп жатат.

Эл аралык Алыш бел боо күрөшү боюнча федерациясынын президенти Гинтаутас Вилейта Алыш күрөшнүн классикалык түрүнөн жеңүүчү бюолгон Эсенбек Кудайбердиевге медал тапшырууда. 23.09.2017-.ж. Ашхабад.
Эл аралык Алыш бел боо күрөшү боюнча федерациясынын президенти Гинтаутас Вилейта Алыш күрөшнүн классикалык түрүнөн жеңүүчү бюолгон Эсенбек Кудайбердиевге медал тапшырууда. 23.09.2017-.ж. Ашхабад.

“Азаттык”: Кыргыздын улуттук Алыш күрөшү имарат ичиндеги Азия оюндарынын программасына алгачкы жолу киргизилип, эркин жана классикалык түрү боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында жалпысынан 24 топтом медал ойнотулду. Мелдеш аяктагандан кийин журналисттер үчүн курган маегинде спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Токсонбай Асанов жана Алыш күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев Алыш 2018-жылы Индонезияда өтө турган жайкы Азия оюндарынын программасына сунушталгандыгын айтышты. Азырынча маселе так чечиле элек экен. Андан соң Олимп оюндарына кирип калуу мүмкүн деген үмүттөр бар экендигин да билдиришти. Бул жаатта сиздин кандай кабарыңыз бар?

Арпачиев: Ал жерде эл аралык федерация, Азиянын Олимпиадалык кеңеши, Эл аралык Олимпиада комитети бар. Ошолордун өзүнүн кеңешмелери бар. Ал кеңешмелерге биз мүчө эмеспиз. Жогоруда сиз айткандай аракеттер жүрүп жатат деген сөздөр бар. Бирок маселе кандай деңгээлде чечилип, кандай болуп жатканын азыр айта албайм. Талкуудагы маселе деп айтсак болот.

“Азаттык”: Имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча Азия оюндарын жыйынтыктап айтканда сиздер тараптан коюлган максат ишке аштыбы?

Арпачиев: Максатыбыз ишке ашты деп айтсак болот. Командалык эсепте 8-орунду алдык. Медалыбыз абдан көп, 70ке жетти. Мындайча айтканда, спорттун бардык түрүнөн алдык десек болот, бир-эки спорттон эле албай калдык.

“Азаттык”: Бул Азия оюндарындагы спортчулардын жетишкендигин эске алганда спорттун Олимпиадалык түрлөрүн дагы өнүктүрүү зарылдыгы байкалдыбы?

Арпачиев: Биз ошол себептен көңүл буруу керектигин алдын ала билип спорттун олимпиадалык түрлөрүнө кирбеген спорттор үчүн дирекция ачканбыз. Азыркы учурда артыкчылык берилген спорттун түрлөрү боюнча башкы машыктыруучуларды бекитүү боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, акыркы жылдары олимпиадага кирбеген спорттун түрлөрүнөн дагы дүйнөлүк деңгээлдеги, масштабдуу мелдештер өтүп эл арасына абдан жакшы жайылууда. Биринчиден, бул жаатта бизде масса бар. Спорттун бул түрлөрүнөн машыккандар көп. Машыктыруучулар да иштеп жатышат. Үчүнчүдөн, жыйынтыктар жакшы. Ошол себептен бул тармакты да колдогонубуздун жөнү бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG