Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Кыргыз спортчулары: Азия оюндарынан 30 медал алабыз


Түркмөн күрөшү
Түркмөн күрөшү

Ашхабадда өтүп жаткан V Азия оюндарында Кыргызстан алгачкы медалдарга ээ болду. Кыргызстандын спортчулары Ашхабадга отуздай медал алып келүү максаты менен жөнөп кеткен.

Оюндардын алгачкы күнүндө эле жуи-жутсу боюнча мелдеште Ариет Бекишев Кыргызстандын капчыгына алгачкы коло медалды алып келсе, бүгүн дагы жети медал кошулду. Жалпы медалдык жадыбалда үй ээлери саналган Түркмөнстан курама командасы биринчи орунга ишенимдүү баратат.

17-сентябрда Ашхабадда жабык жайдагы жана жоокердик өнөр боюнча V Азия оюндарынын оту жанды. Бул күнү мелдештин ачылыш аземи болуп, Кыргызстандын курама командасы улуттук желекти көтөрүп өтүштү.

Жабык жайдагы жана жеке таймаштын түрлөрү боюнча Азия оюндарынын ачылыш аземи
Жабык жайдагы жана жеке таймаштын түрлөрү боюнча Азия оюндарынын ачылыш аземи

Кыргызстандык спортчулар учурда атайын спорт шаарчасынан берилген аймакта орун алышып, мелдештерге камына баштады. Кыргызстандык делегациянын башчысы Канат Арпачиев спортчулар Азия оюндары бүткөнгө чейин ушул шаарчада жашай турганын айтат:

- Бул жерде атайын Кыргызстандын желегин көтөрдүк. Ал Азиаданын программасында каралган. Жалпысынан бул жакка 200дөй адам келгенбиз, анын ичинде 153 спортчунун баары ушул жерде жашап, мелдештерге даярданат.

Оюндардын расмий ачылышы жекшемби күнү болгону менен айрым спорттун түрлөрү боюнча мелдештер андан бир күн мурун, 16-сентябрда эле башталган. Бул күндөрү спортчулар түркмөн күрөшүнөн күч сынашып, мелдештин алгачкы күнү эле үй ээлери ат чабым алдыга кетишти.

Түркмөнстан өзүнүн улуттук спортунан бардык байгелүү орундарга илинип, 40 медал менен биринчи сапта. 23 медал менен Өзбекстан экинчи, 7 медал менен Таиланд үчүнчү орунда баратат. Ал эми Кыргызстан 8 медал менен 9-орунга көтөрүлдү.

Кыргызстандыктар күткөн медалды 17-сентябрда жуи-жутсу боюнча күч сынашкан Ариет Бекишев алып келди. Ал өз атаандаштарын утуп келатып, жарым финалда оогандык спортчуга упай менен жеңилген. Жыйынтыгында коло медал тагынып калды:

Ариет Бекишев
Ариет Бекишев

- Мен биринчи орунду алам деп ойлогом. Тилекке каршы, үчүнчү орун болуп калдым. Эми бул деле жаман эмес деп ойлойм. Анткени бул биздин биринчи медал. Эми башка мекендештерим анын артынан дагы көптөгөн медалдарды алып келсин деп каалап кетет элем.

Кыргызстандын курамы көп өтпөй дагы жети медал алганга жетишти. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, 18-сентябрда ​жиу-житсудан Абдурахманхажи Муртазалиев (-85 кг.) Кыргызстанга алгачкы алтын байгени алып келди. Түркмөн күрөшүнүн классикалык түрүнөн күч сынашкан балбандарыбыз Мээрим Жуманазарова (-70 кг.), Назира Марсбек кызы (58 кг.) жана Эсенбек Кудайбердиев (-82 кг.) күмүш байге алса, коло медалдарды күрөштүн ушул эле түрүнөн Кененбек Шамшидин уулу (-75 кг.), Назира Арзыбекова (+70 кг.) жана Уулкан Алыбай кызы (-63 кг.) тагынды. Анын жыйынтыгы менен Кыргызстан жалпы командалык эсепте 9-орунга жайгашып, Индия, Вьетнам, Индонезия командаларын артка калтырды.

Алдыңкы күндөрдө кыргыз спортчулары күрөштүн айрым түрлөрү жана алыш күрөшү боюнча мелдештерге чыгат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов балбандардан чоң үмүт кылып жатышканын билдирди:

- Эң чоң үмүт баягыдай эле балбандарда. Эркин күрөш, грек рим жана кыздардын күрөшүнөн медалдарды күтүп жатабыз. Ошондой эле биринчи жолу Азия оюндарынын программасына кыргыздын улуттук алыш спорту да кирип жатат. Мына ушул алышчыларыбыз да медалдарды жеңет деп турабыз.

Алыш күрөшүнөн таймаштар 22-23-сентябрь күндөрү өтөт.

Азия оюндарында кыргыз спортчуларын жеңилүүлөр да коштоп жатат. Алсак, футзалчылар алгачкы тайпалык беттеште эле Иорданияга 7-1 эсебинде утулган. Аманкулов бул утулуу күтүлгөнүн белгилеп, футзал боюнча дүйнөлүк чемпионаттын алдында Ашхабадга жаш курама команда жиберилгенин кошумчалады.

Азиада-2017
Азиада-2017

Жалпысынан Кыргызстан Азия оюндарына спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчуну жөнөттү. Делегациянын Ашхабадга барып келишине мамлекеттен 6 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ошондой эле айрым спортчулар федерациялардын каржылоосунда Азия оюндарына барышты.

Кыргызстандын спортчулары V Азия оюндарында отуздай медал алып келүү максаты менен жөнөп кеткен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG