Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:40

Элнура Алканова журналисттик иликтөөсүнө тоскоолдук жаралып жатканын айтууда


Журналист Элнура Алканова Бишкектин четиндеги Орто-Сай аймагында Ала-Арча-3 жаңы конушунда кесиптик иши боюнча тасма тартып жүргөн жеринен белгисиз кишилер токтотуп, өткөрбөй жатканын Фейсбуктагы баракчасында түз эфир аркылуу билдирип жатат.

Ал кайсы маалымат каражаты үчүн жана кайсы теманы иликтеп жүргөнү тууралуу маалыматты адвокаты келмейинче айта албай турганын билдирди. Журналист өз чөнтөк телефону аркылуу көрсөтүп жаткан түз эфирде ал отурган автоунаанын алдында форма кийинген киши турганын, милиция кызматкерлери жүргөнүн көрүүгө болот.

Журналист белгисиз адамдар мыйзамсыз кармады, телефонун тартып алууга аракет кылды деп жатат.

Ошол жерде жүргөн "Ата Мекен" партиясынын юристи Канатбек Азиз Алканованы эмне себептен өткөрбөй жатканы белгисиз экенин "Азаттык" радиосуна билдирди.

Элнура Алканова "Азаттык" радиосу менен фрилансер-иликтөөчү журналист катары кыска мөөнөттө кызматташып, кызматташтык быйыл март айында токтотулган.

XS
SM
MD
LG