30-сентябрь күнү кечинде 61 жаш курагында филология илимдеринин доктору, профессор Таалайбек Токоев каза болду. Ал акыркы жылдары Бишкек гуманитардык университетинде эмгектенип жүргөн. Маркум эртең жерге берилерин аталган университеттен “Азаттыка” билдиришти.
Таалайбек Токоев 1956-жылы 14-мартта төрөлгөн. «Экспрессивдик конструкцияларды бири-биринен айырмалоо», «Тил жана сүйлөшүү проблемасы», «Сүйлөшүүдөгү сегментация кубулушу жана атама фразалар» жана башка дагы элүүдөй эмгеги жарык көргөн. Алар азыркы кыргыз тилинин грамматикасына, айрыкча синтаксисине, кыргыз жазуусунун тарыхына арналган. (BCh)