Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:37

Карылардын эл аралык күнү белгиленип жатат


1-октябрь дүйнөдө карылар күнү катары белгиленет. Сүрөттөгү кишилердин жаңылыкка тиешеси жок.
1-октябрь дүйнөдө карылар күнү катары белгиленет. Сүрөттөгү кишилердин жаңылыкка тиешеси жок.

Бул күнгө карата Бишкекте карыларга камкордук көрүү боюнча бир айлык жарыяланган. 1-октябрдын алдында Бишкек шаардык башкармалыгы карылардын эл аралык күнүнө арналган иш-чараларды уюштуруп, аларга сый-урмат көрсөтүлдү. Мындай иш-чаралар Кыргызстандын облустарынын борборлорунда, район-шаарларында да өттү. Бир катар аймактарда жергиликтүү бийлик, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, активисттер карылар үйлөрүндө жашагандардын абалынан кабар алышты. Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине материалдык жана медициналык жардамдар берилди.

Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдын башына карата берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда пенсия курагандагы 448 миңге жакын эл жашайт. 63 жаштагы эркектердин саны 134,5 миң кишини, курагы 58ден жогору аялдар 313,4 миңди түзөт. (NT)

XS
SM
MD
LG