Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Германияда бир жыныстуу никеге уруксат берген мыйзам күчүнө кирди


Германияда 1-октябрдан тарта бир жыныстагы адамдардын никесине уруксат берген "Баары үчүн нике жөнүндөгү" мыйзам күчүнө кирди.

Мыйзамды Бундестаг быйыл жайында, Германия канцлери Ангела Меркел бул маселени добушка коюуга макул болгондон кийин кабыл алган. Канцлер өзү бир жыныстагылардын нике курушуна каршы добуш берген.

2001-жылдан тарта Германияда бир жыныстагылардын жарандык союзу мыйзамдаштырылган. Мындай союзга киргендер никеге тургандарга караганда азыраак укуктарга ээ болгон. Бүгүн Ганноверде он алты жыл мурун биринчилерден болуп жарандык союз курган эки кумса жана эки лесбинин никелешүүсү болот. Жаңы мыйзамдан кийин бир жыныстуулардын бул өңдүү никелешүүлөрү бүгүн Гамбург менен Берлинде да белгиленген.

XS
SM
MD
LG