Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:08

Сирия: согушкерлер өкмөттүк күчтөрдүн колундагы шаарды басып алды

Сириянын Ал-Карьятайн шаары.
Сириянын Ал-Карьятайн шаары.

Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобу Ал-Карьятайн шаарын өзүнө каратып алды.

Бул тууралуу Адам укугуна байкоо салган сириялык борбор кабарлады. Маалыматты "Твиттерде" жергиликтүү журналисттер да ырастап жатышат.

Аталган шаар Пальмирадан түштүк-батышты көздөй, өкмөттүк күчтөрдүн тылында жайгашкан.

Айрым кабарларга караганда, шаарда жоочулардын "тымызын түйүнү" болгон. Калааны басып алуу согушкерлер Сирия армиясынын Дейр-эз-Зор шаарынын түштүгүндөгү позицияларына катуу чабуул жасаган маалга туш келди.

XS
SM
MD
LG