Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол жолунун 65-чакырымында "Тез жардам" автоунаасын сүзгөн машиненин айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. 1-октябрда түнкү саат 3төр чамасында болгон жол кырсыгынан "Тез жардам" аласалып, анын ичиндеги төрт кишинин баары каза тапкан. Алар - айдоочу, фельдшер, ооруканага бараткан кош бойлуу келин жана анын жанындагы аял.
"УАЗ" үлгүсүндөгү 103 кызматынын машинесин "Мерседес-Бенц" жеңил автоунаасы сүзгөн. Куткаруучулар каза болгондордун сөөктөрүн алып чыгышкан.
Милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, "Тез жардамды" сүзгөн «Мерседес-Бенц» автоунаасын 23 жаштагы кыз киши башкарып баратканы жана ал мас абалында болгону, жанында башка дагы балдар бар экени айтылууда. Облустук ИИБ айдоочу Жалал-Абад облусунун тургуну экенин, анын мас же соо экени иликтенип жатканын билдирди.