Бул тууралуу Испаниянын бүгүн көз карандысыздык боюнча референдум өтүп жаткан Каталония автоном аймагынын бийликтери билдирүүдө.
Аймактык өкмөттүн басма сөз өкүлү Жорди Турулдун айтымында, шайлоочулар менен алардын жолун торогон полициянын бүгүнкү кагылыштарынан кеминде 337 киши жаракат алды.
Турул бул көрүнүштү “испан мамлекетинин кыянатчылыгы” деп атады.
Ал эми Испаниянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, полиция 70тей шайлоо бекеттерине рейд жасады. Кагылыштарда күч түзүмдөрүнүн 11 өкүлү жарадар болду.
Расмий Мадрид Каталония автоном аймагынын көз карандысыздык боюнча бүгүнкү референдумун “мыйзамсыз” жана “антиконституциялык” деп санагандыктан, ага жол бербөө аракеттери көрүлөрүн күн мурунтан эле билдирген.
Жыйынтыгы сентябрдын башында жарыяланган сурамжылоолордун бири Каталония жашоочуларынын 41,1% көз карандысыздыкты жактарын, 48,9% буга каршы экенин көргөзгөн.
Анткен менен ал сурамжылоо ага тартылгандардын 70% референдум талаш маселени биротоло чечип, белгисиздикти жоюшун жакташкан.
Франция менен чектеш жана курамына Барселона шаары да кирген, өз салт-санаасы бар Каталония автономия макамы менен Испаниянын курамында 15-кылымдан бери турат. Аймакта азыр 7,5 миллион калк жашайт. Добуш берүүгө укуктуулардын саны 5,3 миллиондун тегерегинде.
Автономиялык аймактын бийликтери 2300дөй шайлоо бекеттин төрттөн үчү ачылганын билдирип, элди добуш берүүгө чакырып жатат.
1-октябрдагы референдум жана аны менен байланышкан окуялар Испаниядагы ондогон жылдар ичиндеги эң ири конституциялык кризис катары каралууда. (UE)