Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:58

Каталония бийликтери: кагылыштарда 700дөн ашуун киши жаракат алды


Референдум учурундагы кагылышуулардын бири. 1-октябрь, 2017-жыл.

Испаниянын 1-октябрда көз карандысыздык боюнча референдум өткөн Каталония автоном аймагынын бийликтери бул тууралуу жекшемби кечинде билдиришти.

Алардын соңку эсептерине караганда, полиция менен шайлоочулардын кагылыштарында жаракат алгандар саны 761ге жетти.

Аймактык өкмөттүн басма сөз өкүлү Жорди Турул болсо полициянын Каталония автоном аймагынын шайлоочуларына карата көргөн чараларын “испан мамлекетинин кыянатчылыгы” деп атады.

Испаниянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, полиция 90дон ашуун шайлоо бекеттерине рейд жасады.

Кагылыштарда күч түзүмдөрүнүн 12 өкүлү жарадар болду.

Испан премьер-министринин орун басары Сорая Саэнс де Сантамариа Мадриддеги басма сөз жыйында полициянын аракеттерин “мыйзамдуу жана пропорционалдуу” деп мүнөздөдү.

Референдумду токтотуу аракетинде испан полициясы Каталонияда шайлоочулар менен кармашып, шайлоо бекеттеринен бюллетендерди тартып алганга чейин берди.

Расмий Мадрид Каталония автоном аймагынын көз карандысыздык боюнча бүгүнкү референдумун “мыйзамсыз” жана “антиконституциялык” деп санагандыктан, ага жол бербөө аракеттери көрүлөрүн күн мурунтан эле маалымдаган.

Жыйынтыгы сентябрдын башында жарыяланган сурамжылоолордун бири Каталония жашоочуларынын 41,1% көз карандысыздыкты жактарын, 48,9% буга каршы экенин көргөзгөн.

Анткен менен ал сурамжылоо ага тартылгандардын 70% референдум талаш маселени биротоло чечип, белгисиздикти жоюшун жакташкан.

Франция менен чектеш Каталония автономия макамы менен Испаниянын курамында 15-кылымдан бери турат.

Аймакта азыр 7,5 миллион калк жашайт. Добуш берүүгө укуктуулардын саны 5,3 миллиондун тегерегинде.

Автономиялык аймактын бийликтери 2300дөй шайлоо бекеттин төрттөн үчү ачыла алганын билдирип, элди акыркы сааттарга чейин добуш берүүгө чакырып жатышты.

1-октябрдагы референдум жана аны менен байланышкан окуялар Испаниядагы ондогон жылдар ичиндеги эң ири конституциялык кризис катары каралууда. (UE)

XS
SM
MD
LG