Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:07

“Лигласс” келишими боюнча парламенттик комиссия түзүү сунушталды


Жогорку Нарын каскадын 2013-жылы орусиялык “РусГидро” компаниясы кура баштаган.
Жогорку Нарын каскадын 2013-жылы орусиялык “РусГидро” компаниясы кура баштаган.

Чехиялык “Лигласс Трейдинг” компаниясы менен кол коюлган келишимдин чоо-жайын иликтеген парламенттик комиссия түзүү сунушталды. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова өткөн жумада Мамлекеттик мүлк фондунун “Мегаком” компаниясын орусиялык ишкерге сатуу аракети боюнча маалыматын уккан кезде билдирди:

- Парламенттик изилдөөнү жүргүзүшүбүз керек. "Лигласс” боюнча ким келишимди түздү, ким аларды тапты, алып келди, ким этегине калкалады, Тышкы иштер министрлигинин эскертүү каты, мунун баарын иликтеп чыгып, өз баабызды беришибиз керек. Маселеге кайрылып, парламенттик комиссия түзүүгө милдеттүүбүз.

Кыргыз өкмөтү быйыл 11-июлда чехиялык "Лигласс Трейдинг" компаниясы менен Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге кол койгон. Чех компаниясы бул долбоорлорду ишке ашырып, макулдашуу боюнча 30 банктык күндүн ичинде Жогорку Нарын ГЭСтер каскадындагы алгачкы курулуш иштерин жүргүзгөн орусиялык "РусГидро" компаниясына 37 миллион долларды төлөө милдеттенмесин аткарат деп ишенип жаткан. Бирок чех компаниясы акчаны белгиленген мөөнөттө төлөбөй, жеңилдик сураган. Өкмөт чех өнөктөштөрүнүн мындай суранычын аткарбай келишимди бир тараптуу жокко чыгарган. Кийинчерээк Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди курууга кытайлык жана индиялык инвесторлор кызыкдар экенин билдирген.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын 2013-жылы орусиялык “РусГидро” компаниясы кура баштаган. Курулуш иштери создукканда кыргыз өкмөтү ал келишимди да бир тараптуу жокко чыгарган. “РусГидро” баштапкы курулушка сарпталды делген 37 миллион долларды кайтарып алуу үчүн Эл аралык арбитражга кайрыларын жарыялаган. Кыргыз бийлиги болсо бул суммадан шектенип, эл аралык аудит жүргүзүүнү талап кылган.

30-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков Москвадагы расмий сапары учурунда бул акчаны инвестор тапканда төлөөгө, аны берерден мурун аудит жүргүзүүгө орус тарап макул болгонун маалымдады. (NT)

XS
SM
MD
LG