Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Төрт адамдын өлүмүнө себепкер айдоочу кызга кылмыш иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ысык-Көлдө төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Анын айтымында, "Тез жардам" унаасын сүзгөн "Мерседести" айдап келе жаткан 23 жаштагы кызга карата Кылмыш кодексинин 281- беренеси (жол коопсуздугун сактабагандык, жол эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Ал Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалды.

Алгачкы экспертизада айдоочу кыз алкоголдук ичимдик ичкени аныкталган.

Окуя 1-октябрдын түнүндө болгон. "Тез жардам" автоунаасы аласалып кетип, ичиндеги төрт кишинин баары каза тапкан. Алар айдоочу, фельдшер, ооруканага бараткан кош бойлуу келин жана анын жанындагы аял экени аныкталды. (AsM)

XS
SM
MD
LG