Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Лас-Вегастагы атышуу адам өмүрүн алды


Лас-Вегастагы атышуу болгон аймак
Лас-Вегастагы атышуу болгон аймак

Кошмо Штаттардын Лас-Вегас шаарында 1-октябрда болгон атышуудан эки киши мерт кетип, 25тей адам ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу жергиликтүү бейтапкананын маалымат катчысы билдирди.

Маалыматтарга караганда, атышуу Mandalay Bay казиносунун жанында болгон. Полиция калаадагы казино жайгашкан негизги көчөлөрдү жапты.

"Твиттер" социалдык тармагынын колдонуучулулары эки киши ок чыгарышканын жазышты. CNN жана New York Times басылмалары кабарлагандай, айрым күбөлөр казинонун айланасында өтүп жаткан кантри музыкасынын фестивалында да ок чыгаруу болгонун угушкан.

XS
SM
MD
LG