Британиялык Monarch Airlines авиакомпаниясы аба каттамдарын толугу менен токтотту. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Британиянын Жарандык авиация башкармалыгы жарыялады. Алардын маалыматына ылайык, каржы каатчылыгынан улам компаниянын 330 миңдей брондолгон авиабилеттери жокко чыгарылды.
Болжол менен 110 миңдей адам жолдо калганы маалым болду. Британ өкмөтү бул көйгөйдү чечүү максатында 30дай учакты ишке киргизип, жүргүнчүлөрдү үйлөрүнө жеткирүүнү буйруду.
Лондондогу Гатвик аэропортундагы Monarch Airlines компаниясынын бардык кеңселери жабылды. Компания кырдаалды жергиликтүү фирмалар менен атаандаша албай, каржы кризисине кептелип калышы менен түшүндүрдү.