Линктер

шейшемби, 17-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:48

Таласта майыптар жашаган интернаттын 20га чукул кызматкери сотторго нааразылык билдирип жатат. Бүгүн алар тынчтык митингине чыгышты.

Кум-Арык айылындагы мектеп-интернаттын мугалимдери райондук соттун алдына чогулду. Алар колуна акыйкаттыкты талап кылган жазууларды кармап турушту.

Мекеменин директору Кенжалы Орозалиев чогулган себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Биздин мектептен кылмыш жасап жети жыл мурун үч мугалим бошоп кеткен. Бирок алар бир күнү балдарды сабап, бир күнү эшик-терезени сындырып кетип, бизге тынчтык бербей жатат. Ал эми соттордон кутулуп кетип жатышат. Сот, прокуратура кызматкерлеринин ичинде калыстык жок.

Чогулгандар Талас райондук сотунун алдында бир сааттан ашык турду. Алар менен эч ким жолуккан жок.

Айыпталып жаткан тараптан азырынча комментарий боло элек. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG