Кошмо Штаттардын Орусиядагы жаңы элчиси Жон Хантсман Москвага келди. Бул маалыматты АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Мария Олсен "Твиттер" аркылуу кабарлады.
Хантсман 3-октябрда Кремлдеги аземде президент Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырат.
Жаңы элчи буга чейин Американын Сингапурдагы жана Кытайдагы элчиси болуп иштеген. 2005-2009-жылдары Юта штатынын губернатору болгон.
Хантсман Украина, Сирия жана АКШдагы былтыркы шайлоо маселеси боюнча Вашингтон менен Москванын мамилеси чыңалып турган учурда ишке киришкени турат.