Президентикке талапкер Бакыт Төрөбаев Коомдук телерадиокорпорациянын эфирин бойкоттоо демилгесинен баш тартып, кайрадан анын көрсөтүүлөрүнө катышууну чечти.
Бул тууралуу бүгүн КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков Фейсбук баракчасына жазып, ага эфир берүү эми мүмкүн эмес экенин билдирди:
“Телерадиоберүү бул татаал, үзгүлтүксүз өндүрүш тармагына кирет. Эфирди жана анын мазмунун бир учурда өзгөртүп, алмаштырып жана башкача берүү өзгөчө кырдаал абалга барабар болуп эсептелет... Өтүнүчүңүздү орундатуу мүмкүн эмес” деп жазды Карыпбеков Төрөбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө кайрылып.
Бүгүн Төрөбаевдин штабынын өкүлү Изати Шүгүралиева “Азаттыкка” комментарий берип:
- Бойкоттоо чечими КТРКда бир тараптуу каралоо жүрүп жатканына байланыштуу демилгеленген болчу. Бирок ар бир талапкер өзүнүн акысыз эфирдик убактысынан пайдаланууга укуктуу деген норма бардык шайлоо мыйзамдарында бар, - деп билдирди.
“Өнүгүү Прогресс” партиясынын атынан президенттик шайлоого аттанган Бакыт Төрөбаев КТРКнын 15 мүнөттүк акысыз эфирин бойкот кылганын жар салып, башка талапкерлерди да өзүнө кошулууга үндөгөн болчу. Буга 23-сентябрда КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынан чыккан “Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алууда” деген материал негиз болгон. Төрөбаев аталган сюжетте жалган маалыматтын негизинде бир жактуу каралоо болгон деп эсептейт. Төрөбаевдин штабы бул боюнча 24-сентябрда БШКга арызданган.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK)