Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Текебаевдин соту айыпталуучулар жок өтүүдө


Кабарчыбыздын маалыматы боюнча, түштөн кийин соттук териштирүү уланбай жатып, судья Адис Момуналиев кеңешүүгө кетти. Азырынча айыпталуучулар сот залына алынып келе элек.

Түшкө чейинки жараянга айыпталуучунун адвокаттары келген жок. Судья сот тарабынан сунушталган мамлекеттик айыптоочунун катышуусунда ишти баштоону чечип, Текебаевдин даярдыгын сураганда, ал адвокаттарынын катышуусусуз көрсөтмө бербесин айткан.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөн Чотонов Мегаком боюнча айыпталып, 26-февралда кармалышкан.

Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыратууну өкүм кылган. Текебаевге он, Чотоновго сегиз жыл сураган прокурорлор апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылышкан. Айыпталуучулардын адвокаттары да сот чечимине нааразылык билдирип, аталган инстанцияга доо арыз беришкен.

Текебаев менен Чотонов өздөрүнө козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук деп белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG