Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:58

"Кыргызстан" фракциясы Исаевдин кармалышы боюнча билдирүү таратты


Канатбек Исаев парламент жыйынында

Фракциянын катчылыгы тараткан билдирүүдө Канатбек Исаев төрт баланын атасы, Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылышынын депутаты экени, парламенттеги көпчүлүк коалициянын лидери болгону белгиленген.

"Кыргызстан" фракциясы укук коргоо органдарына жана сотко кайрылып, "Канатбек Исаевдин Кыргызстанда демократия жана парламентаризмдин өнүгүүсүнө кошкон чоң салымын эске алуу менен ага байланыштуу иш Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык адилет жана ачык каралуусун өтүнгөн.

Мурдараак Исаевдин кызы Бермет атасы шайлоого байланыштуу кармалды деген пикирин "Азаттык" радиосуна билдирген:

- Атам айрым күчтөргө тоскоол болуп жатканын түшүнүп жатабыз. Алар атамдын эл менен бирге болушуна кыйынчылык түзүү аракетин көрүүдө. Атамдын өлкөнүн түндүгүндө кадыр-баркы жогору. Ошондуктан айрым начар, ыплас саясатчылар шайлоодо жеңишке жетүү үчүн аракет кылууда.

"Кыргызстан" партиясынын лидери, ЖК депутаты Канатбек Исаевди УКМК 30-сентябрда кармап, камакка алган. Ал Башкы прокуратура "массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" фактысы боюнча козгогон кылмыш ишинин алкагында кармалганы маалымдалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG