Бул тууралуу анын кызы Бермет Исаева "Азаттык" радиосуна билдирди. Учурда Исаевдин Биринчи Май райондук сотунун алдына чогулган тарапкерлери Аскер сотунун имаратына жөнөп жатышат.
Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы бүгүн Биринчи Май райондук сотунда каралмак. Анын 150 чамалуу тарапташы райондук соттун алдына чогулган. Сот имаратын элүүдөн ашуун милиция кызматкери кайтарууга алган.
Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 30-сентябрда кармап, 48 саатка камаган.
Ал кылмыштуу топко мүчө деген айрым адамдар менен массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп шектелүүдө.(ZKo)