Медицина боюнча быйылкы Нобел сыйлыгын америкалык үч окумуштуу алды. Жеффри Холл, Майкл Росбаш жана Майкл Янг адамдын ички биологиялык саатын көзөмөлдөөчү молекулярдык механизм тууралуу ачылыштарды жасашкан.
Ушул аптада физика, химия боюнча жеңүүчүлөр жана Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты да белгилүү болот.
Дүйнөлүк илимге кошкон салымы үчүн ыйгарылчу сыйлыкты 1895-жылы швециялык ишкер Алфред Нобел негиздеген.