Орусиянын президенти Владимир Путин соңку беш жылдагы биринчи расмий сапары менен Түркмөнстанга келди. Кремль маалымдагандай, 2-октябрдагы бир күндүк визитте Путин түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен "эки тараптуу байланышты жана регионалдык, глобалдык маселелерди" талкуулайт.
Соңку мезгилде бул эки мамлекеттин алакасы көгүлтүр от сыяктуу бир катар маселелерден улам солгундай түшкөн.
Өзүн нейтралдуу өлкө деп жарыялаган Түркмөнстан Евразиялык экономикалык биримдикке да, Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмуна да мүчө эмес. Путин акыркы жолу 2012-жылдын декабрь айында Ашхабадга келген.