Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:02

Каталон бийлиги референдум күнү болгон күч колдонууну иликтейт


Каталониядагы Сан-Жульян-де-Рамис муниципалитети

Испаниянын Каталония автономдук аймагынын бийлиги 1-октябрдагы референдум учурунда орун алган күч колдонууну иликтөө үчүн атайын комиссия түзөт. Бул тууралуу Каталониянын президенти Карлес Пучдемон 2-октябрда билдирди.

Жекшембидеги добуш берүү маалында шайлоочулар менен полициянын ортосунда кагылышуулар орун алып, андан 850дөй жайкын тургун, 33 полиция кызматкери жаракат алган.

Расмий Мадриддин каршылыгына карабай өткөрүлгөн талаштуу референдумда шайлоочулардын 90 пайызы көз карандысыздыкты колдошкону белгилүү болду. Бул референдумга Испаниянын Конституциялык соту дагы тыюу салган эле.

XS
SM
MD
LG