Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

КТРКда президенттик кызматка талапкерлердин теледебаты башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

БШКнын маалыматына караганда, Коомдук телеканалда дебаттардын биринчи бөлүгү бүгүн башталат. Бул күнү жадыбал боюнча президенттикке талапкерлер Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев, Адахан Мадумаров дебатка чыгышы керек. 4-октябрда Сооронбай Жээнбеков, Токтайым Үмөталиева, Арстанбек Абдылдаев жана Өмүрбек Бабанов, 5-октябрда Темир Сариев, Эрнис Зарлыков, Таалатбек Масадыков, Арсланбек Малиев менен Улукбек Кочкоровдун теледебаты болот.

КТРКда дебаттардын экинчи бөлүгү 11-12-октябрга белгиленген. Токтайым Үмөталиева, Таалатбек Масадыков, Арстанбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров, Камчыбек Ташиев жана Өмүрбек Бабанов 11-октябрда чыгат. Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эрнис Зарлыков, Арсланбек Малиев, Бакыт Төрөбаев жана Сооронбай Жээнбековго 12-октябрь туш келген. Бул дебаттарда ар бир талапкерге 20 мүнөттөн убакыт берилет. Ал эми 21-29-сентябрда талапкерлер өзүнчө чыгып сүйлөө үчүн 15 мүнөттөн акысыз эфир алышкан. БШК дебат жадыбалын талапкерлер арасындагы чүчүкулак аркылуу аныктаган.

Кыргызстанда 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо ат салышуу үчүн 13 талапкер катталган. Өткөн жумада алардын бири Камчыбек Ташиев саясий жарышка катышуудан баш тарткан. (NT)

XS
SM
MD
LG