Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Жумакадыров: бийлик шайлоодо криминал колдонбойт


Темир Жумакадыров.
Темир Жумакадыров.

Бийлик шайлоолордо криминалдык топторду колдонуп жатат деп айтылгандар чындыкка жатпайт. Бул тууралуу коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Темир Жумакадыров “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал соңку окуялар криминалды ким колдонуп жатканын ачыктады деп кошумчалады:

- Кечээ күнкү окуя эле көрсөттү. Ким криминалдык чөйрөнү саясатка колдонгонго аракет кылып жатканы элге ачык-айкын болуп калды окшойт. Биздин коомчулук да буга өзүнүн туура баасын берет. Ал эми мыйзамдуулук тарабынан тергөө иши жүрүп жатат. Сотто да тийиштүү баа берилип, чечим болот деген ойдомун.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев "уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүн колдонуу менен президенттик шайлоодон соң башаламандык уюштурууну пландаган" деген шек менен 30-октябрда УКМКнын Тергөө абагына камакка алынган. Кечээ ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө камакта калды. Исаевдин акыркы кездеги саясий пикирлеши, президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов 1-октябрда маалымат жыйын куруп, муну өзүнө каршы аракет катары баалаган.

Президент Алмазбек Атамбаев Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, шайлоо алдында туруктуулукка шек келтирген кадамдар жазаланарын эскертти. Депутаттын жакындары анын камалышын "саясий куугунтук" деп сыпаттап, Исаев кылмыштуу топтор менен байланышкан деген атайын кызматтын маалыматын төгүндөп жатышат. Атайын кызмат Исаевге Кылмыш кодексинин 27 (кылмышка даярдануу), 233 (массалык башаламандык) жана 295 (бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу) беренелерине ылайык иш козгогон. (NT/EBM)

XS
SM
MD
LG