Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

Кыргызстандык укук коргоочулар ЕККУ жыйынына катышты


Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова. Сүрөт 2016-жылы тартылган
Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова. Сүрөт 2016-жылы тартылган

Кыргызстандык укук коргоочулар “Адам укуктары үчүн эл аралык федерация” уюмунун жыйынына катышып келишти.

Польшанын борбор шаары Варшавада өткөн жыйынды Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу уюштурду.

Ага Кыргызстандан «Бир дүйнө Кыргызстан», «Адилет» жана «Кылым Шамы» уюмдарынын жетекчилери катышты.

60ка жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышкан жыйындагы сөзүндө «Кылым Шамы» борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу, террорчулукка жана экстремизмге шектелип кармалгандардын адвокаттык жардам алуу укугу жаатындагы көйгөйлөргө токтолду.

“Бир дүйнө Кыргызстан” кыймылынын лидери Төлөйкан Исмаилова майыптардын, социалдык жактан аз камсыз болгон жарандардын, эмгек мигранттарынын эркиндиктери жана укуктары боюнча маселелерди козгоду. (RK)

XS
SM
MD
LG