Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:25

Казакстанда бензиндин баасы жогорулады

Данияр Акишев
Данияр Акишев

Казакстанда бензиндин баасы жыл башынан бери 11% жогорулады. Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин баасы быйыл январда 135 теңге болсо, ушу тапта 150 теңгеден сатылууда. 

Өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев жергиликтүү мунай иштетүүчү заводдор пландык оңдоп-түзөө иштерине өткөнүнө байланыштуу мунай импорту жогорулап, баага таасир эткенин билдирди. Ал алдыдагы эки айда импортту азайтуу менен бааны турукташтыра алышарын гана убада кылды.

Өлкөдө бензинден тышкары дагы азык-түлүк эмес товарларга баа өсүүдө. Казакстандын Улуттук банкынын башчысы Данияр Акишев буга бир нече себептерди атады. "2016-жылы пенсия жана жөлөкпулдар 16%, айлык акыга деп бюджеттен бөлүнгөн каражаттар 18% көтөрүлгөн", - дейт банкир. 

Мындан тышкары ал керектөө насыяларынын көлөмүнүн көбөйүшүн да буга байланыштырды. 

XS
SM
MD
LG