Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Атамбаев АКШга көңүл айтты


Лас-Вегаста 58 адамдын өмүрү кыйылды
Лас-Вегаста 58 адамдын өмүрү кыйылды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Доналд Трампка Лас-Вегастагы кандуу окуяга байланыштуу көңүл айтты.

Атамбаев Кыргызстан бул тынч жана күнөөсүз жарандарга каршы жасалган мыкаачылыкты чечкиндүү түрдө айыптарын билдирди.

Лас-Вегас шаарында жекшембинин түнүндө болгон атышуудан каза тапкандардын саны кеминде 58 адамга жетти. Жергиликтүү полиция 515 адам жараат алганын билдирди.

1-октябрда Mandalay Bay мейманканасынын айланасына кантри музыкасынын фестивалына чогулган адамдарга отелдин 32-кабатынан куралчан адам ок чыгара баштаган. Полиция ал адамды атып өлтүрүп, аны 64 жаштагы Стивен Паддок деп атады.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу бул чабуулга жоопкерчилик алганын билдиргени менен расмий өкүлдөр азырынча бул окуяны кайсы бир террордук топко байланыштыра элек. (RK)

XS
SM
MD
LG