Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:53

БУУ Каталониядагы зомбулуктарга тынчсызданууда


Зейд Раад ал-Хусейн
Зейд Раад ал-Хусейн

БУУ Адам укуктары боюнча башкы комиссары Зейд Раад ал-Хусейн Каталония референдумундагы башаламандыктарга тынчсыздануусун билдирди.

"Жекшембиде Каталонияда болгон зомбулукка өтө тынчсызданып жатам. Жүздөгөн жарадарлар тууралуу кабар келди. Испан бийлигин ар бир зомбулук боюнча тыкыр, көз карандысыз жана калыс иликтөө жүргүзүүгө чакырам", - деп айтылат БУУнун башкы укук коргоочусунун билдирүүсүндө.

Мурдараак Евробиримдик дагы Испания бийлигин талаш-тартыштан диалогго өтүп, кризистен чыгуу жолун издөөгө чакырган.

1-октябрда Каталония автоном аймагында референдум өткөн. Каталония бийлиги жыйынтыгында добуш бергендердин 90 пайызы аймактын Испаниядан бөлүнүп, өз алдынча өлкө болуусун жактаганын билдирген. Акыркы маалыматтарга караганда, референдумдун жүрүшүндө ага тоскоолдук кылган полиция менен элдин кагылышуусунан эки тараптан тең миңден ашуун адам жараат алышкан.

Испан премьер-министр Мариано Рахой бул добуш берүүнү "мыйзамга, укукка жана Конституцияга" каршы келет деп баалаган.

XS
SM
MD
LG