Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:32

Каталония Испаниядан бөлүнүүнү жактады


Референдумдан кийинки майрамдык салтанат. Барселона, 1-октябрь, 2017-жыл.
Референдумдан кийинки майрамдык салтанат. Барселона, 1-октябрь, 2017-жыл.

Испаниянын Каталония автоном аймагынын бийликтери 1-октябрдагы референдумга катышкандардын 90% ашууну көз карандысыздыкты колдоду деп жарыялашты. Расмий Мадрид уруксат бербеген жана мыйзамсыз деп атаган референдум жекшемби күнү шайлоочулардын жана полиция күчтөрүнүн кагылышуулары менен коштолгон.

Кагылыштар менен коштолгон референдумдун аягын көз карандысыздыкты жактаган миңдеген адам 1-октябрдын кечинде, шайлоо бекеттери жабылгандан кийин майрамдык салтанат менен улантышты.

- Бүгүнкү окуя жарандардын жеңиши экени эч талашсыз. Адамдар өз укугун тынч гана ишке ашырууга аракеттеништи. Бизге каршы жасалган агрессияга карабай, бул жеңиш экенинде эч шек жок, - дейт Барселонанын Каталония аянтына келген Жозеф ысымдуу жергиликтүү тургун.

Автоном аймактын бийликтеринин ырастоосунда, шайлоочулар менен алардын жолун тороп - тоскон полиция күчтөрүнүн жекшемби күнкү кагылыштарында 800дөн ашуун киши жаракат алды.

Референдум учурундагы кагылышуулардын бири. 1-октябрь, 2017-жыл.
Референдум учурундагы кагылышуулардын бири. 1-октябрь, 2017-жыл.

Полиция болсо алардын 30дан ашуун кызматкери жарадар болгонун билдирген. Испан өкмөтү полициянын референдум күнкү чараларын “мыйзамдуу жана пропорционалдуу” деп мүнөздөдү. Испан ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, полиция күчтөрү жергиликтүү бийликтер айткан 2300дөй шайлоо бекеттин 319уна рейд жасаган.

Каталония президенти Карлес Пучдемон алар эми референдумдун жыйынтыгына таянып, көз карандысыздыкты бир тараптуу түрдө жарыялай турганын ишара кылууда:

Каталониянын президенти Карлес Пучдемон (оңдо) аймактык өкмөттүн жыйынында. 2-октябрь, 2017-жыл.
Каталониянын президенти Карлес Пучдемон (оңдо) аймактык өкмөттүн жыйынында. 2-октябрь, 2017-жыл.

- Бүгүнкү үмүт жана азап күнү - Каталония жарандары республика формасындагы көз карандысыз мамлекетке укук алды. Менин өкмөтүм жакынкы күндөрү добуш берүүнүн жыйынтыгын биздин элдин суверенитети жаткан парламентке жөнөтөт.

Карлес Пучдемон Каталония референдуму жана ага байланышкан жараяндар эми Испаниянын эле ички иши эместигин, ал азыр европалык маселеге айланганын кошумчалады.

Каталон референдумунан келип чыккан маселелер Испаниянын ондогон жылдар ичиндеги эң ири Конституциялык кризиси катары каралууда.

Референдумга Испаниянын Конституциялык соту дагы тыюу салып, муну генерал Франциско Франконун диктаторлук доорунан кийин демократияны калыбына келтирген, 1978-жылкы Конституцияны бузуу деп тапкан.

Испания премьер-министри Мариана Ражой 1-октябрдагы билдирүүсүндө Каталониядагы добуш берүүнүн жүрүшүн “демократиянын маңызын келекелөө” деп мүнөздөп, буларга токтолду:

- Каталон лидерлери референдумдун мыйзамсыздыгын, туура эмес жана мүмкүн эместигин билишкен, бирок андан ары кетишип мыйзам үстөмдүгүнө, демократиялык моделге кол салууну колдошту.

Каталониянын көз карандысыздык маселеси күн тартибине биринчи эле ирет чыгып жаткан жок.

Испаниянын бул автоном аймагында азыр 7,5 миллиондой калк жашайт. Ал эми добуш берүүгө укуктуулардын саны 5,3 миллиондун тегерегинде.

Каталония референдумунун таасири экономикада да сезилип, дүйшөмбү күнү Испаниянын фондулук базары нарксызданып, бирдиктүү валюта - евронун долларга карата курсу бир аз арзандады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG