Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Каталония референдуму чыңалуу жаратты


Каталониянын көз карандысыздыгын жактаган студенттердин Барселонадагы жүрүшү. 28-сентябрь, 2017-жыл.
Каталониянын көз карандысыздыгын жактаган студенттердин Барселонадагы жүрүшү. 28-сентябрь, 2017-жыл.

Испаниянын Каталония автоном аймагынын бийликтери Евробиримдикти алардын көз карандысыздык боюнча талаштуу референдумун өткөрүү ишине кийлигишүүгө чакырды. Мадриддеги борбордук бийликтер мыйзамсыз жана Конституцияга каршы деп жарыялаган референдум алдында тараптардын мамилеси чыңалып турат. Мадрид 1-октябрга белгиленген референдумду тосмолоого аракеттенгени менен каталон бийликтери аны уюштурууга умтулууда.

Көз карандысыздыкка умтулуу Испаниянын Каталония аймагында күн тартибине бүгүн эле чыгып жаткан маселе эмес. Аймактын азыркы бийликтеринин көз карашында, Евробиримдик аларга демократиялык баалуулуктарды калыбына келтирүү ишинде кол кабыш кылышы керек:

- Испанияда биз бүгүн кириптер болгон жагдай демократия аспаптарынын, демократиялык структуралардын абдан олуттуу түрдө бузулушу. Андыктан биз коңгуроо кагышыбыз керек, коңгуроо кагып да жатабыз. Биз Европа институттарын, албетте Европа комиссиясын, Европа парламентин Евробиримдиктин келишимине устун болгон баалуулуктар менен принциптерди коргоого чакырабыз. Европа комиссиясы мындан ары бул ички эле маселе деп ырастай албайт. Ал Евробиримдиктин келишимин коргоп, Евробиримдиктин жарандары болгон Каталон жарандарынын кызыкчылыгын жакташы керек, - деди 28-сентябрда Барселонадан сүйлөгөн учурунда Каталония автоном аймагынын тышкы байланыштар боюнча министри Раул Ромева.

Айрым баяндамачылар Испаниядагы азыркы абалды 1939-75- жылдардагы диктатурадан соң демократия калыбына келтирилгенден берки эң ири саясий кризис деп мүнөздөшүүдө.

Каталониянын көз карандысыздык боюнча референдуму 1-октябрга белгиленген. Бирок расмий Мадрид референдумду Конституцияга каршы деп жарыялап, аны тосмолоо аракетин көрүүдө.

1-октябрда 2500дей шайлоо бекеттеринде добуш берүү уюштурулушуна жол бербөө жана коопсуздукту сактоо үчүн Испаниянын башка бөлүктөрүнөн аймакка 4000дөй полиция кошумча алынып келинди. Алар Каталониянын аймагында мурдатан эле турган 5000дей мамлекеттик, 17000дей жергиликтүү полициячыга кол кабыш кылышы керек.

Аймактын күч түзүмдөрүн көзөмөлгө алуу аракети менен кошо жергиликтүү өкмөттүн айрым кеңселеринде тинтүүлөр жүргүзүлүп, аймактык бийликтин 14 чиновниги камакка да алынды.

Испан полициясы ошондой эле референдум үчүн даярдалган, миллиондогон бюллетендерди да конфискациялаган.

Өлкөнүн коопсуздук боюнча мамлекеттик катчысы Хосе Антонио Ниеттонун айтымында, референдум делген 1-октябрда “ар ким өзүнүн каалоосун, сезимин майрамдап же демонстрацияга чыгып көргөзө алат, бирок мыйзамды бузууга жол берилбеши" керек.

Каталония, Испания
Каталония, Испания

Ал эми премьер-министр Мариана Ражой апта башында АКШда болгон учурунда расмий Мадриддин каталон референдумуна каршылыгын төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Көз карандысыздыкты бир тараптуу түрдө жарыялоо абдан туура эмес чечим. Бул мен же Каталония өкмөтү кабыл ала турган чечим эмес. Азыр референдум өтө албай турганын баары билишет. Анткени каталон өкмөтүндө референдумду уюштурган шайлоо комитети, команда жок, бюллетендер жок, шайлоо бекеттеринде адамдар да жок. Мунун баары ызы-чууга эле алып келет, демократиялык референдумдун минималдык кепилдиктери да камсыздалбайт. Андыктан азыр акыл-эске кайтып, бул нерсенин баарын токтотуу керек. Болгону бул ажырымды, чыңалууну гана күчөтүп, жарандарга эч жардам бербейт. Мен биз мыйзам, диалог жана акыл-эс үстөмдүк кылган жаңы баскычка кирүүбүздү каалайт элем.

Референдумга Испаниянын Конституциялык соту дагы тыюу салган эле. Бирок Каталониянын көз карандысыздыгын колдогон топтор полициянын тоскоолдугуна карабай, элди 1-октябрда шайлоо бекеттерине келүүгө чакырууда.

Автоном аймактын президенти Карлес Пучдемон референдум үчүн “бардык нерсе даяр" деп 10-сентябрда эле жарыялаган болчу.

Жыйынтыгы сентябрдын башында жарыяланган сурамжылоолордун бири Каталония жашоочулардын 41,1% көз карандысыздыкты жактарын, 49,9% буга каршы экенин көргөзгөн. Анткен менен ал сурамжылоо ага тартылгандардын 70% референдум талаш маселени биротоло чечип, белгисиздикти жоюшун жакташкан.

Каталония бийликтери эгер референдум өтүп, анда “ооба” дегендер басымдуулук кылса көз карандысыздыкты “48 саат ичинде жарыялоону” убада кылышкан. Франция менен чектеш жана курамына Барселона шаары да кирген, өз салт-санаасы бар Каталония автономия макамында Испания курамында 15-кылымдан бери турат. Аймакта азыр 7,5 миллион калк жашайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG