Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Тажикстандык белгилүү окумуштуу мекенинен чыгып кетти


Хафиз Бабаяров (Бобоёров)
Хафиз Бабаяров (Бобоёров)

Тажикстандык белгилүү философ, окумуштуу Хафиз Бабаяров (Бобоёров) мекенинен чыгып кетти. 2-октябрда "Азаттыктын" тажик кызматы менен кат жазышып, учурда Германияда бозгунда экенин ырастады.

Бирок Бабаяров Тажикстанды таштап кетүүгө түрткү берген себептерди атоодон баш тартты.

Ал 2015-жылы президент Эмомали Рахмонго "Улут лидери" наамын берүүгө ачык каршы чыккан. Бул наам тажик президентин жана анын үй-бүлөсүн өмүр боюу кылмыш жоопкерчилигинен коргойт.

Хафиз Бабаяров макаласында демократиялык өлкөдө президенттиктен жогору турган макам жоктугун баса белгилеген болчу. Макала жарыялангандан кийин ал Тажик Илимдер академиясындагы заманбап жүрүмдөрдү жана болочокту долбоорлооону изилдөө борборунун башчылыгынан бошотулган.

XS
SM
MD
LG