Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:01

Башкы прокуратура кызматкерлери жаңы конуштуу болушту


Башкы прокуратуранын кызматкерлерине жаңы конуштун ачкычын тапшыруу. Бишкек. 3-октябрь, 2017-жыл.
Башкы прокуратуранын кызматкерлерине жаңы конуштун ачкычын тапшыруу. Бишкек. 3-октябрь, 2017-жыл.

Бишкек шаарында Башкы прокуратуранын кызматкерлери үчүн курулган үйдүн ачкычын президент Алмазбек Атамбаев тапшырды.

Ал прокурорлорду жаңы конушу менен куттуктап жатып милиция, прокуратура жана башка күч кызматкерлерине мамлекет көңүл бурбаган кездерди эскерди. Прокуратура тармагында жүргүзүлгөн реформа тууралуу да айтып, аталган органдын курамы тазаланганын белгилеп өттү.

"Прокуратура мамлекет башчынын эмес, мамлекеттин көзү болушу керек. Силер аткаминерлерди мамлекеттин атынан көзөмөлдөп, мыйзамдардын сакталуусун өзүңөр үлгү болуп көрсөтүүңөр зарыл" деди президент.

Алмазбек Атамбаев "өлкөнүн өнүгүүсүн каалабаган күчтөрдүн аракетин ооздуктоо" үчүн прокуратуранын ишин жакшыртуу аракети уланарын да белгиледи:

- Аларга биздин өлкө керек эмес, аларга өлкөдөгү туруктуулук керек эмес. Аларга демократия да керек эмес. Аларга күңүрт, караңгылык керек. Бизге чыныгы демократия керек, демократия -бул мыйзам үстөмдүгү. Биз тандап алган жолубуздан кайтпайбыз.

Президент Баш прокурор Индира Жолдубаевага жаңы конушта балдар аянтчасын куруу үчүн 300 миң сомдук каражаттын сертификатын тапшырды.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Өткөн жумада мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Токмок шаарында милиция кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG