Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:28

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелинен өтүүгө бардык автоунааларга уруксат берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 3-октябрда түштөн кийин тоннел аркылуу өтүүгө киргизилген чектөө толугу менен алынып, ашуу аркылуу оор жүк ташуучу да, жеңил да автоунаалар өтө башташты. Министрликтин маалыматы боюнча, учурда ашууда унаа тыгыны жок.

Төө-Ашуунун эки капталына жааган кардан жана тайгактан улам 2-октябрь күнү тоннелде унаа тыгыны пайда болгон. Транспорт жана жол министрлиги буга байланыштуу оор жүк ташуучу унаалардын тоннел аркылуу өтүүсүнө чектөө киргизген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG