Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

Шайлоо күнү милицияга 13 миң элдик кошуунчу көмөктөшөт


Ички иштер министрлиги 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо коомдук көзөмөлдү камсыздоого 12 миң 625 кошуунчу каттоодон өткөнүн маалымдады.

Министрликтин коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы, полковник Улан Рыспаев “Азаттыкка” билдиргендей, ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү милициянын көзөмөлүндө болот:

- 13 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошуун мүчөлөрү биз менен бирге коомдук тартипти сактоо үчүн жардам берүүгө өз тизмелерин беришти. Алардын колунда "элдик кошуун" деген жазуусу бар кызыл таңма болот. Шайлоо күнү милицияга жергиликтүү элдин колдоосу абдан керек.

Бүгүн Бишкекте өткөн “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылынын жыйынында жарандык коом өкүлдөрү элдик кошуундарга каршы чыгып, милиция өз алдынча коомдук тартипти көзөмөлдөшү керектигин айтышты.

Кыймыл мүчөлөрү айрым партиялардын байкоочулары элдик кошуун деген атты жамынып, шайлоочуларды көзөмөлдөп, кошуундардын арасына криминал чөйрөсүнүн адамдары кирип кетиши мүмкүндүгүн айтышты.

Шайлоо күнү өлкө боюнча 9483 милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөөгө тартылат.

13 талапкер катталган президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG