Линктер

жекшемби, 17-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:37

Орусия президенти Владимир Путин 3-октябрда элчилерден ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, АКШнын Лас-Вегас шаарындагы кыргынга байланыштуу америкалыктарга көңүл айтты.

- Лас-Вегастагы тирукмуш трагедияга байланыштуу сиздин өлкөнүн элине жана жетекчилигине чын жүрөктөн көңүл айтам. Туугандарын жана жакындарын жоготкондор менен бирге кайгырабыз, жаралангандардын батыраак айыгып кетишин каалайбыз, - деди Путин.

1-октябрдын кечинде Лас-Вегастагы музыка фестивалы учурунда ок атылып, андан мерт болгондор 59 адамга жетти. Жаракат алгандар 527 киши экени такталды. Фестиваль өтүп жаткан жердеги мейманкананын 32-кабатынан ок жаадырган адам да өзүн өлтүргөн. Кийин ал Стивен Пэддок аттуу америкалык пенсионер деп таанылган. АКШ бийлиги шектүү террордук топтор менен байланышта болбогонун билдирүүдө.

Кошмо Штаттарынын Орусиядагы жаңы элчиси Жон Хантсман Москвага 2-октябрда келген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG