Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Лас-Вегас: кыргындын күнөөкөрү аныкталды


Лас-Вегастагы окуя болгон аймак, 1-октябрь.
Лас-Вегастагы окуя болгон аймак, 1-октябрь.

АКШнын Лас-Вегас шаарында кыргынды уюштурган адамдын тек-жайы аныкталганы менен ал эмне үчүн бул кадамга барганы белгисиз бойдон кала берүүдө.

Лас-Вегаста бейкапар башталган музыка фестивалы АКШнын тарыхындагы ок атуу менен коштолгон эң чоң кыргынга айланды. Жекшембинин кечинде музыка угуп эс алайын деп келген миңдеген адамдардын далайы үйүнө кайтпай калды.

Кыргындын курмандыктары 59 адамга жетти. 500дөн ашык киши жаракат алды.

"Алгач биз фейерверктин добушу угулуп жатат го деп ойлодук. Мен кимдир бирөө петарда алып келген го деп койдум. Ок атуунун биринчи айлампасынан кийин "жок, биз кетишибиз керек" деген ой келди. Анан досумдун колунан бекем кармап, кача баштадык",-деди күбөлөрдүн бири 23 жаштагы Селиз Лопез.

Шектүү Стивен Паддоктун социалдык тармактарга тараган сүрөтү
Шектүү Стивен Паддоктун социалдык тармактарга тараган сүрөтү

Эл концерт көрүп отурган жайдан 400 метрдей аралыктагы Mandalay Bay мейманканасынын 32-кабатынан ок жаадырган адам полиция анын бөлмөсүнө жетип баргыча өзүн атып өлтүргөн. Анын бөлмөсүнөн дагы түрдүү 17 курал табылган. Полиция шектүү адамды 64 жаштагы Стивен Паддок деп атап, анын Мескит шаарчасындагы үйүнөн кошумча 18 курал, жардыруучу заттарды да тапты.

Паддоктун маркум атасы кезинде банк каракчысы катары ФБРдин издөөсүндөгү башкы он адамдын бири болгону аныкталды.

Лас-Вегастын шерифи Жо Ломбардодон шектүү эмне максатты көздөгөнүн сурашканда ал "акылдан адашкан адамдын оюнда эмне болгонун билбей турганын" айтты.

Кыргындын курмандыктарын эскерген иш-чара, Лас-Вегас, 2-октябрь.
Кыргындын курмандыктарын эскерген иш-чара, Лас-Вегас, 2-октябрь.

Шектүүнүн бир тууганы Эрик Паддок болсо Стивен Паддок акчалуу адам болгонун, казинолорго көп акча сарптаганын, мейманканаларда ага көп учурда акысыз бөлмө жана тамак-аш сунушталганын айтты.

Ошол эле учурда бир тууганынын психикалык саламаттыгы жайында болгонун, буга чейин полиция менен чатагы болбогонун белгиледи.

"Биз нес болуп, үрөйүбүз учуп, эмне кыларыбызды билбей калдык. Ал куралга ашкере ынак эмес болчу. Мынча автоматтарды кайдан алганын билбейм. Анын армия менен деле байланышы жок болчу. Бир тууганымдын кылганына эмне деп айтарымды билбей турам",-деди Эрик Паддок.

Полиция негизги шектүү менен бир бөлмөдө жашады делген бир аялды аныктап, аны 62 жаштагы Марилу Дэнли деп атады. Ал кыргын башталган учурда Токиого сапар тартканы, АКШга келгенде суракка алынары кабарланды.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Лас-Вегастагы чабуулга жоопкерчилик алганын жарыялаганы менен андай билдирүүгө азырынча далил табыла элек.

"Азырынча бул окуянын эл аралык террордук топко байланышы жок деп аныктадык. Бул окуя факт жүзүндө, тыкыр иликтениши үчүн биз өнөктөштөрүбүз менен чогуу иштөөнү улантабыз",-деп билдирди Федералдык иликтөө бюросунун атайын агентти Аарон Роуз.

Бул окуяны "анык шайтандын жасаганы" деп мүнөздөгөн президент Дональд Трамп Лас-Вегаска жол тартаары кабарланды. Кандуу чабуулдан кийин АКШдагы курал-жарак соодасын чектөө демилгеси кайра көтөрүлдү. Бирок Ак үй бул маселени талкуулоо азырынча эрте деп билдирди.

Лас-Вегастагы кыргындын курмандыктарынын саны 2016-жылдын июнь айында Орландо шаарындагы кол салуудан мерт болгондордун санынан ашып кетти. "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жоопкерчилик алган ал окуяда куралчан адам түнкү клубдагы 49 кишини атып өлтүргөн эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG