Линктер

дүйшөмбү, 16-июль, 2018 Бишкек убактысы 19:57

АКШнын Лас-Вегас шаарында 1-октябрдын кечинде болгон атышуудан каза тапкандардын саны 50гө жетти.

Полиция кеминде 200 адам жаракат алганын билдирип, ок аткан адамды 64 жаштагы Стивен Паддок деп атады.

Окуя Mandalay Bay мейманканасынын айланасында кантри музыкасынын фестивалы өтүп жатканда болгон. Мейманкананын 32-кабатынан автоматчан адам чогулгандарды көздөй ок чыгара баштаган. Көп өтпөй полиция ок аткан кишини атып өлтүргөн.

Лас-Вегастын полициясы шектүүнү "жергиликтүү тургун" деп мүнөздөп, анын максаты эмне болгонун так айта элек. Учурда чабуул боюнча негизги шектүүдөн башка бир аял изделип жатканы белгилүү болду.

Лас-Вегас: атышуу элүү адамдын өмүрүн алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:00 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG