Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы эки күндө "Ислам мамлекети" террордук тобунун 300 жоокери жок кылынып, 170 согушкерди жарадар кылышканын билдирди.
Өлтүрүлгөндөр арасында Борбор Азиядан чыккан талаа командири Абу Ислам ал-Казаки жана Орусиянын түштүгүнөн барган 40 жоочу бар экенин Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков тактады.
Орус аба күчтөрүнүн абадагы операциялары Сириядагы Евфрат дайрасынын чыгыш жээгинде жүргүзүлгөн.
Быйыл жыл башында Орусия президенти Владимир Путин мурдагы Советтик республикалардын 10 миңден ашуун жараны "Ислам мамлекети" террор тобуна кошулуп кеткен деп болжолдогон.
Алты жылга созулган согушта Сирияда 330 миңден ашуун адам өлдү. 5 миллиондон ашууну башкалка издеп, качкынга айланды.