Линктер

шаршемби, 25-апрель, 2018 Бишкек убактысы 02:58

Шайлоодо "оюнчулардын" орду алмашабы?


Шайлоодо "оюнчулардын" орду алмашабы?
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:04:38 0:00
Түз линк

Талапкерлер ортосундагы президенттик орун үчүн саясий кармаш курч мүнөзгө өттү. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго байланыштуу соңку окуялардан кийин башка бир талапкер Темир Сариевдин саясий таскагы катуулай баштады. Темир Сариев саясий күрөштө улут маселесин көтөрүп, шайлоодо башаламандык уюштурууну көздөгөн аракеттерди айыптаган билдирүү жасады. Ошондой эле Сариевдин шайлоо штабы анын Сокулук району боюнча өкүлү менен жакында кармалган Бабановдун саясий өнөктөшү Канатбек Исаевдин байланышы тууралуу түшүндүрмө берди. Муну талдоочулар президенттик жарышка чыккан саясий күчтөрдүн ортосундагы негизги атаандаш болууга жасалган курч тирештин жыйынтыгы катары карашууда.

XS
SM
MD
LG