Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 15:38

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабынын үстүнөн жазылган арызды карайт.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына 26 жаштагы бишкектик тургун кайрылып, Өмүрбек Бабановдун 12-кичи райондогу штабында шайлоочулардын добушу үчүн акча төлөнүп жатканын маалымдаган, муну далилдеген видеотасманы милицияга өткөрүп берген. Сот бүгүнкүгө белгиленген.

Буга чейин да прокуратура Бабанов үчүн добушка акча сунушталган деген арыз түшкөнүн билдирген. Иш 29-сентябрда Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Өмүрбек Бабанов 1-октябрда маалымат жыйын өткөрүп, бийлик ага карата "каралоо" уюштуруп жатканын айтып, муну президенттик шайлоонун алдында өзүнүн рейтинги жогорулаганы менен байланыштырган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG