Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:05

Башкы прокуратура жарандык активист Адил Турдукуловдун арызы боюнча кылмыш иш козгобой турган болду. Бул тууралуу активист өзү "Азаттык" радиосуна билдирди.

Турдукулов вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин Баткен облусунун активи менен жолугушуп жатканда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду үгүттөгөнү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылсын деген талап менен Башкы прокуратурага кайрылган. Башкы көзөмөл органы ага жооп катында Зилалиевге кылмыш иш козголбой турганын маалымдаган.

- Башкы прокуратура БШКга шылтап "алар чечим чыгарды, эми биздин тиешебиз жок" деп жооп берди. Бул мыйзам нугунда эмес, саясий коньюктурадагы жооп болду. БШК өкмөткө кайрылып, Зилалиевге катаалыраак чара көрүлүүсүн сураган. Ага өкмөт башчы эмдигиче жооп бере элек, - деди Турдукулов.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Зилалиев боюнча Турдукуловдун катына мыйзам чегинде жооп берилгенин "Азаттыкка" билдирди.

Зилалиев шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын башчысы катары Баткендеги сапары учурунда Жээнбековду колдоп сүйлөгөнү үчүн өкмөт башчы Сапар Исаков ага эскертүү берип, штабдын башчылыгынан бошоткон. Бул маселени БШК да карап, Зилалиевге карата катаалыраак чара көрүүнү өтүнгөн катты өкмөт башчы Сапар Исаковго жолдогон.

Жолугушууда айткандары тууралуу "Азаттык" радиосуна комментарий берип Зилалиев өз сөзүн үгүт катары кабыл алууга болбой турганын, ал жерде кимге добуш бере турганын сурагандарга жооп кайтарганын билдирген. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG