Линктер

шаршемби, 18-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:42

Иш-чараны "Сөз эркиндигин коргоо комитети" уюштурууда. Комитеттин мүчөсү Адил Турдукуловдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, шайлоо учурунда диний ишмерлердин сөз эркиндиги чектелип жатканы жөнүндө талаш-тартыш күч алууда:

- Дин ишмерлерине кайсы бир талапкерге үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган. Муну менен алардын сөз эркиндиги боюнча укугу бузулуп жатат. Бирок бизде дин саясаттан тышкары деген мыйзам бар. Ошондуктан биз бул маселени мыйзам жагынан эмес, этикалык жагын карап жатабыз.

Талкууга кыргыз өкмөтүнөн өкүлдөр, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчилиги, Мусулмандар дин башкармалыгынын жана башка диний конфессиялардын өкүлдөрү катышууда.

Өткөн айда мурдагы муфтий, Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалилов эл менен жолугушуулардын биринде президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп сөз сүйлөгөнү үчүн БШКдан эскертүү алган. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG