Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Таласта кант кызылчасын кабыл алуу пункту ачылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Таласта кант кызылчасын кабыл алуу пункту ишин баштады. Бул туулалуу "Азаттык" радиосуна өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалым болгондой, быйыл Талас облусунда 500 гектарга жакын жерге кант кызылчасы айдалган. Андан 25 миң тоннанын тегерегинде түшүм алуу пландалып жатат. Бул былтыркыга салыштырганда беш миң тоннага көп.

Таласта кызылчаны негизинен Кара-Буура жана Манас райондорунун дыйкандары айдап, Чүйдөгү "Кайыңды-Кант" заводуна өткөрүшөт. Кант кызылчасынын бир тоннасы 3500 сомдон бааланып жатканы белгилүү болду.

Былтыр Чүй облусунда жүздөгөн гектар кант кызылчасы кар алдында калган. Эки эсе көп айдалып, көп түшүм берген кызылчаны кант иштетүүчү жападан жалгыз ишкана - “Кайыңды-Кант” заводу толук кабыл ала алган эмес. (AlS)

XS
SM
MD
LG